Информационный портал 5NEWS

1-марттан баштап Бишкектеги 11 көчө оңдолот

1-марттан баштап Бишкектеги 11 көчө оңдолот

1-марттан баштап кытайлык гранттын эсебинен борбордогу 11 көчө реконструкцияланат. Бул тууралуу “Бишкекасфальтсервис” билдирди.

Квартал аралык жана кичи район ичиндеги жолдорду оңдоо программасынын алкагында “Кызыл курулуш” жаңы конушундагы 5 көчө реконструкцияланат. Оңдоп-түзөө иштери шаардык бюджеттин негизинде жүргүзүлөт.

1-марттан баштап унаа жүрүүчү борбордук жолдордо ремонт иштери жүргүзүлгөндүктөн, кээ бир көчөлөр тосулмакчы.