Информационный портал 5NEWS

80 жаштагы Жекшемби Мамытканов “Спорттун отличниги” болду

80 жаштагы Жекшемби Мамытканов “Спорттун отличниги” болду

Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын 80 жаштагы тургуну Жекшемби Мамыткановго «Спортунун отличниги» төш белгиси ыйгарылды. Бул тууралу 5news.kg маалымат порталына анын небереси Бактыяр Мамытканов билдирди.

Анын айтымында төш белгини Улуттук олимпиадалык комитеттин вице-перзиденти Каныбек Осмоналиев тапшырды.

“Жекшемби Мамытканов футбол, баскетбол жана волейбол боюнча бир катар эл аралык мелдештерге катышып келген. Өмүр бою Жаркымбаев айылынын орто мектебинде дене-тарбия мугалими болуп, айылга спорт аянтчасын курдурган. Жашы 80 келсе дагы, райондо Жеңиш күнүнө карата спорттук иш-чараларды өткөрүп келет”,-деди Бактыяр Мамытканов.

Быйыл дагы 9-майга карата футбол боюнча чоң мелдеш уюштураарын кошумчалады.