Информационный портал 5NEWS

Ат-Башы районунда жаш жигит кар көчкү алдында калды

Ат-Башы районунда жаш жигит кар көчкү алдында калды

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда Таттыбек жайытында 18-жаштагы жигит кар көчкү алдында калып, курман болду. Бул тууралуу 5 news.kg маалымат порталына ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-февральда саат 15:16 чамасында Кара-Коюн айыл аймагында кар көчкү болгон.

“Жаш жигитти кар басып калганын туугандарына достору маалымдады. Аны издөө үчүн 10 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, 75 жергиликтүү тургундар жана 1 экскаватор тартылган. Түнкү саат 01:30 жигиттин сөөгү табылып, туугандарына берилди”,-дейт ӨКМ басма сөз кызматы.

Автор(ы): Айгөкүл Дайырбек кызы