Информационный портал 5NEWS

Ажайып фейерверк. Бүгүн “Ала-Тоо” аянтында салют 600 жолу атылат

Ажайып фейерверк. Бүгүн “Ала-Тоо” аянтында салют 600 жолу атылат

Бүгүн Кыргызстандын Эгемендик күнүнүн 26 жылдыгына карата Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык салют атылат.

Бишкек мэриясы маалымдагандай, ал 8 мүнөткө созулмакчы.

Фейерверк кечки саат 22:00гө белгиленген. Аянттагы концерттен кийин башталат.