Информационный портал 5NEWS

Бишкек мэриясы 12 чакырым узундуктагы жаңы вело жолун салат

Бишкек мэриясы 12 чакырым узундуктагы жаңы вело жолун салат

Бишкек шаарынын мэриясы узундугу 12 кмге жеткен жаңы вело жолун салуу үчүн долбоор иштеп чыкты. Бул туурасында 5news.kg маалымат порталына шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаабыздын түштүк бөлүгүндө заманбап велосипед жолу салынат. Чынгыз Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинен баштап ВДНХга чейин, андан ары Орто-Сай айылын көздөй Рысмендеев көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүн бойлой келген вело жол Масалиев көчөсүнөн токтомокчу.

Дал ушул аралыктын узундугу 12 кмди түзөт.

Ал эми аталган тилкеде салына турчу вело жолдун кеңдиги 3 метрге жетет. Жолдорго асфальт төшөлүп, жарыктандыруу жана ирригация киргизилмекчи. Бул себептен долбоорду ишке ашыруу үчүн шаардык бюджеттен 30 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат. Учурда аталган проект Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан каралууда.