Информационный портал 5NEWS

Бишкеке Владимир Путиндин учагы конот

Бишкеке Владимир Путиндин учагы конот

Бүгүн, 28-февралда РФ Президенти Владимир Путиндин Бишкеке келүүсү күтүлүүдө. Түшкө жуук  орусиялык журналисттер келген.  Мейман кабарчылар Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясына жайгашышты.

«Манас» аба майданы жалпысынан эки учакты тосуп алууга даярданган.  Биринчиси Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да келип конду. Бортто орусиялык делегациянын айрым өкүлдөрү, министрлердин жардамчылары жана президенттин басма-сөз кызматы келип, аларды РФнын Кыргызстандагы элчилиги тосуп алды.

Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, Владимир Путиндин учагы түшкү саат бирде конмок. Бирок аэропорттун күтүү залында отурган орус элчиси Андрей Крутьконун айтымында, Путиндин учагы саат 14:30-15:00 аралыгында конмокчу.  Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдиргендей Владимир Путинди КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алат.