Информационный портал 5NEWS

Бишкекте Кулатов көчөсү бир тараптуу кыймылга өттү

Бишкекте Кулатов көчөсү бир тараптуу кыймылга өттү

20-февралдан баштап Кулатов көчөсү бир жактуу кыймылга өттү. Бул тууралу Бишкек шаардык патрулдук милициядан кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, Кулатов көчөсү, Ибраимов көчөсөнөн Элебаев көчөсүнө чейин күн батышты карай бир тараптуу болду.

Мындан улам патрулдук милиция кызматы аталган көчөдө эреже бузган айдоочуларды көзөмөлгө алышууда.