Информационный портал 5NEWS

Бишкекте лицензиясы жок иштеген акча алмаштыруучу жайга айып пул салынды

Бишкекте лицензиясы жок иштеген акча алмаштыруучу жайга айып пул салынды

Баш калаанын Асанбай кичи районунда мыйзамсыз түрдө чет өлкө валюталарын алмаштыруу менен алектенип келген өлкө аттуу жараны 100 миң сомдук айып пулга салынуу менен административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул туурасында Улуттук Банктын расмий сайты жазып чыкты. Белгилүү болгондой аталган жаран КР УБ акча алмаштыруу боюнча лицензиясын албай туруп, накталай валюталар менен алмаштыруу операцияларын жүргүзүп келген.