Информационный портал 5NEWS

Бишкекте жыл башынан бери маршруттук таксилердин катышуусундагы кырсыктар көбөйгөн

Бишкекте жыл башынан бери маршруттук таксилердин катышуусундагы кырсыктар көбөйгөн

Бишкекте жакын арада катталган кырсыктардын 17де коомдук транспорттор катыштышкан. Бул тууралу 5news.kg маалымат порталына патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалайбек Бугубаев билдирди.

Анын айтымында, маршруттук тасилер катышкан жол кырсыгында 24 адам жабыркаган.

«Негизинен борбор калаада 2017-жылдын башынан бери бардыгы 194 жол кырсыгы кубулган. Аларда 226 адам жабыркап, бирөө набыт кеткен»,- дейт Бугубаев.

Ал эми коомдук транспорт катышкан кырсыктарда өлүм каттала элек. Шаардык патрулдук милиция башкармалыгы эреже бузууларга каршы чара катары 4 ирет рейд уюштургандыгы кабарланат.

Автор(ы): Канат Рыскулов