Информационный портал 5NEWS

Бишкектин борборунда адам өмүрүн алып кеткен өрт катталды

Бишкектин борборунда адам өмүрүн алып кеткен өрт катталды

Бишкекте Чүй проспектиси 65 дареги боюнча жайгашкан үч кабаттуу үйдүн бир батиринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 101 номуруна кечээ 20-февралда 18:09да келип түшкөн. Бул туурасында Свердлов районунун өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы Мадимар Мамбетов 5news.kg маалымат порталына билдириди.

Аталган жерге Свердлов районунун өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн бригадасы чыгып, өрттү өчүрүү жана батирлерде чыга албай калган тургундарды куткарууга киришишкен. Өрт 2-кабаттан чыгып, 2-3-кабатта жашаган тургундар жалындан улам үйлөрүнөн сыртка чыга албай калышкан.

Андыктан куткаруучулар алгач, адамдарды үчүнчү кабат аркылуу куткарышып, андан соң жалынды басаңдатууга киришишкен.

Толугу менен өрт 20:21де өчүрүлүп, кырсык чыккан батирден 1954-жылкы Конюкова Н.Бнын жансыз денеси табылган. Ал эми өрттүн кесепетинен 10 адам өз убагында куткарылып, тез жардам кызматы келип биринчи жардам көрсөтүшкөн. Кырсыктан улам бир адамдын өмүрү кыйылып, башка жабырлануучулар катталган эмес.

Автор(ы): Айнура Аваданова