Информационный портал 5NEWS

Чоң-Алайда көчкү алдында калган эки үйдү кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Чоң-Алайда көчкү алдында калган эки үйдү кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында жүргөн кар көчкунун кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралу ӨКМ кабарлайт.

Азыркы тапта куткаруучулар казуу жана тазалоо иштерин жүргузүп жатышат.

Эскерте кетсек, 19-февралда саат 05:30 чамасында Чон-Алай айыл аймагынын  Жаш-Тилек айылында 2 турак үйдү кар көчкү басып калган. Көчкү алдында калган он адам куткарылып, эки кичинекей бала каза тапкан.

Каза болгондордун денеси түшкө маал гана табылды. Алар бир үй-бүлөөнүн 10 жана 11 жаштагы уул-кызы экени аныкталган. Ал эми кырсыкта жабыркан он адам райондук ооруканага жеткирилди.

Автор(ы): Айгөкүл Дайырбек кызы