Информационный портал 5NEWS

Чоң алайда кар көчкү эки жаш баланын өмүрүн алды

Чоң алайда кар көчкү эки жаш баланын өмүрүн алды

19-февраль күнү саат 05:30 чамасында Чон-Алай айыл аймагынын  Жаш-Тилек айылында 2 турак үйдү кар көчкү басып калган. Көчкү алдында калган он адам куткарылып, эки кичинекей бала каза тапты. Бул тууралу ӨКМ билдирет.

Берилген маалыматка ылайык, каза болгондордун денеси түшкө маал гана табылды. Алар бир үй-бүлөөнүн 10 жана 11 жаштагы уул-кызы болуп чыкты.

Кырсыкта жабыркан он адам райондук ооруканага жеткирилди. Учурда сегиз адамдын абалы туруктуу, экөө башынан катуу жаракаттарды алышкан.