Информационный портал 5NEWS

Илим Карыпбеков комада кала берет

Илим Карыпбеков комада кала берет

Улуттук каналдын жетекчиси эки сааттык операциядан кийин комада жатат, абалы өтө оор боюнча кала берет деп билдирет Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө институтунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков 5news.kg кабарчыларына.

“Карыпбеков клиникалык өлүмдү башынан кечирди. Башынан, жамбашынан, көкүрөгүнөн жана ичегилеринде жаракат бар”, — дейт өлкөнүн башкы ортопеди.

Айтымында жабырлануучудан 3 литрдей ашык кан кеткен. Ушул тапта Карыпбеков жасалма дем алдыруу аппаратында жатат.

Жол кырсыгы бүгүн түнү Бишкектин Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу ооруканага эс учун жоготуп, кан басымы түшкөн бойдон алынып келинген. Бишкектин төртүнчү ооруканасында операцияга киргизилип, хирургдар анын өмүрү менен эки сааттай алышышты. Учурда абалы дагы деле оор бойдон калууда.