Информационный портал 5NEWS

Илим Карыпбековдун жүрөгү токтоп калып, кайра жанданган

Илим Карыпбековдун жүрөгү токтоп калып, кайра жанданган

Дарыгерлер УТРКнын башкы жетекчисинин өмүрү үчүн күрөшүүдө, азырынча үмүт бар дейт саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Елена Баялинова.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатовдун айтымында, борбордун жумуш күнү, түнүчүндө эң эле оор абалда түшкөн бейтап Илим Карыпбековду тезинен операция жасоо менен башталган.

Бишкектин тез жардам станциясынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисовдун сөзү боюнча, Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан жабыркаганга жардам көрсөтүү жөнүндөгү кооптуу билдирүү станцияга түнкү саат 03.12 де түшкөн. 001 жандандыруу тобу Зейнеп Баимбетовдун жетегинде окуя жерине 12 мүнөттөн кийин болушкан.

«Жабырлануучунун бактысы бар экен. Ал тезинен жогорку квалификациялуу реаниматолог адистердин колуна түшкөн. Унаада алып бара жатышканда жүрөгү токтоп калып тезинен жандандыруу иш-чараларын жүргүзүшкөн.  Илимдин диагнозунда жаракаттары эң эле оор, анын абалын дарыгерлер туруктуу оор абалда деп баалашууда», — деп белгиледи Баялинова.