Информационный портал 5NEWS

Кара-Сууда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Кара-Сууда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Кара-Суу шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алды ала жыйынтыгы чыкты. Бул туурасында 5news.kg  порталына БШКдан маалымдашты.

3-сентябрда өткөн шайлоого шайлоочудардын алты миңге жакын добуш берген. Анын жыйынтыгы менен үч партия кеңешке өтүшү мүмкүн. Алар: КСДП (23 мандат) «Мекеним Кыргызстанга» (5 мандат), «Кыргызстан» партиясы (3 мандат). Белгилей кетсек, азыр расмий жыйынтык чыга элек. Сандар өзгөрүп кетиши да ыктымал.

Ал эми шайлоого катышкан башка партиялар жетиштүү добуш ала алышкан эмес. Алсак, «Өнүгүү-Прогресс» 346 добуш, «Республика» 311, «Бир бол» 13 добушка ээ бошгон.

Жеңишке жеткен КСДП 3789, «Мекеним Кыргызстан» 750 жана «Кыргызстан» 578 добуш топтой алган.