Информационный портал 5NEWS

Кары адамдардын пенсиаларын карактап жүргөн кылмышкерлер кармалды

Кары адамдардын пенсиаларын карактап жүргөн кылмышкерлер кармалды

Жайыл райондук ИИБи пенсионерлерге кол салып, аларды карактап жүргөн жаш балдарды кармады. Бул тууралу Чүй облустук ИИББнан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбуздөгү жылдын 6-февралында милицияга Сосновка айылында карактоо фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Оперативдик топ чакырууга барып, аталган айылдын 88 жаштагы тургуну 77 жашар жубайы менен уктап жатканда эки белгисиз адам үйгө кирип келип кол салышкан. Алар кары адамдарды бычак менен корутуп, кол да көтөрүшкөн.

Үйдү толук тинтип чыгышып, жыйынтыгында пенсионерлер чогулткан 1900 АКШ доллар жана 40 миң сомун алып чыгып кетишкен.

Райондук милиция бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин “карактоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, издөө жана иликтөө иштеринин журүшүндө Жайыл районунун 21 жаштагы тургуну кармалган. Тергөө учурунда ал мурда дагы мындай иштерге барып жүргөндүгүнүн бети ачылып, кармалган жигиттин 17 жашаар шериги да кармалды.

Тергөө иштери улантылып жатканы маалымдалат.