Информационный портал 5NEWS

Кичинекей Ибрагимди сабаган зөөкүр түрмөгө түбөлүк кесилди

Кичинекей Ибрагимди сабаган зөөкүр түрмөгө түбөлүк кесилди

Сабалган Ибрагимдин ишине чекит коюлуп, Түлөбаев өмур бою абака кесилип, аялы 15 жылга эркинен ажыратылды.

Сот мамлекеттик айыптоочулардын талабын толугу менен канааттандырып берди.

Жыйынтыктоочу процесс бүгүн, 28-февралда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда өттү. Жыйын айыпталуучуларга берилген акыркы сөздөн башталды. Андан соң сот чечим чыгаруу үчүн жабык эшик артына кетти. Корутунду үчүн бир жарым сааттык убакыт талап кылынды.

Сот Жаныбек Түлөбаев менен Айзада Аккөзованы күнөөлүү деп тапты.

Түлөбеков турмөгө өмур бою кесилди. Аккөзова аялдар колониясына 15 жыл камалат. Ошондой эле сот жубайлардын мүлкүн конфискациялоо буйругун чыгарды.

Жактоочулар сот чечимин жогорку инстанцияларда карата тургандыктарын жар салышты.

Кылмыш туурасында  2015-жылы белгилүү болгон. Январь айында эс учун жоготкон 2 жаштагы наристени тез жардам кызматы Бишкек шаарындагы бейтапканага алып келишкен. Көп өтпөй дарыгерлер наристе көптөн бери ур-токмоко алынып келгенин аныкташкан. Бала башынан оор жаракат алган, мээси чайкалган, оозу жырылган жана денесинин бары көгала так болгон.

Балдар ооруканасынын башкы дарыгери профессор Талант Өмүрбековдун балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүлгөн деп болжолдоп,  16-январда соттук-медициналык экспертиза балага зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу фактыны аныктаган.

Кийин Ибрагимдин ата-энеси ажырашып кеткени, бала Озерный айылындагы туугандарынын колунда тарбияланып келгени маалым болот. Ибрагимдин өз атасы болсо ата-энелик жоопкерчилигин аткарбаганы үчүн 2 жыл түрмөгө отуруп чыкты.

Учурда бала атасы жана өгөй энесинин колунда. Ибрагимге райондук үй-бүлөө жана балдарды колдоо борборунун соцкызматкерлери көзөмөл салып жатканын буга чейин  5news.kg маалымат порталына зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун жетекчиси Динара Давлетованын маалымдаганы бар.

“Баланын абалы өзгөрүүсүз. Жакшы жагына жылыштар болот деп айтууга кыйын. Азыркы тапта ымыркай колдорун, буттарын кыймылдатканды үйрөндү. Оюнчуктарды кармай алат. Ага бир нерсе айтып кайрылсан, түшүнөт.  Айрым сөздөрдү  сүйлөп калды. Бирок Ибрагим баса албайт. Дарыгерлер борбордук нерв системасы жабыркады деген диагноз коюп беришти.  Ошондуктан дайыма дарыгерлердин көзөмөл алдында болот,” – дейт Динара Давлетова.