Информационный портал 5NEWS

Кыргызстандык студент эл аралык медиа сынакта байгеге ээ болду

Кыргызстандык студент эл аралык медиа сынакта байгеге ээ болду

Кыргызстандык ЖОЖ студенти Асел Акматалиева Түркиядагы “Айдын Доан” сынагында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына ал өзү кабарлады.

“Айдын Доан” жаштар конкурсунун сыйлоо аземи кечээ, 21-февралда ишке ашты. Кыргызстандык жогорку окуу жайдын студенти медиа сынакка шырдактар тууралуу теле баяндама жөнөтүп, өз категориясында 3-чү орунду ээледи. Фонддун бул жылкы саамалыгына 1000ге жакын талапкер катышкан.

“Түркиядагы аземге мени менен бирге агайларым Стамбулбек Мамбеталиев жана Молдосейит Мамбетакунов катышып келди”, деп кошумчалады Асел Акматалиева.

Автор(ы): Канат Рыскулов