Информационный портал 5NEWS

Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши козголду

Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши козголду

Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгондугу айтылууда. Бирок «Ата Мекен» лидери бул тууралу кабары жок. Бул тууралу 5news.kg маалымат порталына депутаттын жардамчысы Таалайгүл Аскаралиева.

«Биз дагы айрым маалымат булактарынан окудук. Эч ким кабарлаган жок»,-деди ал.

Айтымында Өмүрбек Текебаев азыркы тапта иш сапары менен сыртта жүрөт.

Башкы прокуратура «Ата Мекен» лидерине УКМКнын материалдарынын негизинде кылмыш кодексинин 166-беренсине (алдамчылык) менен Мегакомго байланыштуу иш ачканы айтылууда.

Азырынча бул маалымат расмий тактала элек.