Информационный портал 5NEWS

Мартта газдын кубметри 14 сом 47 тыйын болот

Мартта газдын кубметри 14 сом 47 тыйын болот

Ушул жылдын мартына карата жаратылыш газынын баасы республиканын калкы үчүн 1 кубметри 14,47 сомду түзөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгы жана сатуу салыгынын эсепке алганда 1 кубметри 17,74 сомду, ал эми салыксыз 17,58 сомду түзөт.

1-мартка карата доллардын сомго карата расмий курсу 69,17 сомду түздү.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин буйругуна ылайык, “Газпром Кыргызстан” ай сайын доллардын сомго карата расмий курсу боюнча тарифтерди эсептеп чыгууга милдеттүү.