Информационный портал 5NEWS

Ошто «Көңүл бургула балдар!» аталышындагы рейд башталды

Ошто «Көңүл бургула балдар!» аталышындагы рейд башталды

Жыл башынан бери Ош облусунда 68 жол кырсыгы катталган. Алардын 16сы жаш балдардын катышуусунда болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБинин патрулдук милиция бөлүмүнүн басма-сөз кызматынын ага тескөөчүсү Айбек Бечелов билдирет.

Анын айтымында, акыркы убактарда өсүпүрүмдөр кырсыкка көп кабылып жаткандыктан, Ош облусунун патрулдук милициясы «Көңүл бургула балдар!» аталышындагы рейд жүргүзүп жатат. Аталган рейд 10-февралдан 20-февралга чейин жүргүзүлөт.

Рейддин алкагында 16-февралда Кара-Суу районунун Медресе айылындагы К.Момбеков атындагы орто мектепте патрулдук милиция тарабынан ата энелер жана окуучулар үчүн жыйын өткөрүлдү. Анда окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлүп, ата энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.