Информационный портал 5NEWS

Текебаев бошотулмайынча митингдер улана берет

Текебаев бошотулмайынча митингдер улана берет

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев убактылуу камакта чыгарылмайынча нааразычылык акциясы токтобойт. Бул туурасында аталган фракциянын экс-депутаты Асия Сасыкбаева борбордук “Ала-Тоо” аянтында өтүп жаткан, Текебаевдин жактоочулары тарабынан уюштурулган митинг учурунда билдирди.

«Митинг мөөнөтсүз. Биз бүгүн 1000ден ашык киши чогултабыз. Көбү кечинде жумуштан кийин кошулушат,»-дейт Сасыкбаева.

Демонстранттар Текебаевди бошотууну талап кылышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 25-февраль, ишемби күнү чет өлкөдөгү иш сапарынан кайтып келээри менен Бишкектеги “Манас” аба майданында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Жеңишгүл Шабданбекова