Информационный портал 5NEWS

Текебаев үй камагына чыгарылбайт

Текебаев үй камагына чыгарылбайт

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын камалган депутаты Өмүрбек Текебаев кепилдик менен үй камагына чыгарылбайт деп билдирет өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаева. Мындай пикирин көзөмөл органынын жетекчиси бүгүн, 1-мартта парламентте Текебаевдин иши боюнча маалымат берүү учурунда билдирди.

Депутаттар башкы атамекенчини үй камагына чыгаруу жолдорун кароону сунушташты.

«Эгерде ал сурактан качпайм, Кыргызстандан качпайм десе, депутаттардын кепилдиги менен үй камагына чыгарса болобу?», — дейт депутат Жанар Акаев.

Индира Жолдубаеванын айтымында, буга мыйзам жол бербейт.