Информационный портал 5NEWS

Улуттук коопсуздук комитетинин алдында митинг

Улуттук коопсуздук комитетинин алдында митинг

Улуттук коопсуздук комитетинин имараты алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар Жогорку Кеңеш депутаты Алманбет Шыкмаматовду колдоо үчүн келишкен.

Акциянын катышуучуларынын алдына бир катар «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары чыгып сөз сүйлөштү. Алардын катарында Аида Салянова, Наталья Никитенко, Садык Шер Нияз жана башкалар бар. Ал эми фракция лидери Өмүрбек Текебаев сыртка чыгып кеткендигине байланыштуу келген эмес.

Чогулгандардын талабы- саясий куугунтуктоону токтотуу.

Эскерте кетсек, буга чейин Алманбет Шыкмаматовго карата коррупция беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага эсеп палатасынын тендердик комиссиясына мүчө болуп туруп, тендердин билдирмесине жубайынын авто унаасын кымбат кылып көрсөткөн деген айыбы тагылган.

Бүгүн Шыкмаматов УКМКга суракка чакырылган. Анын кесиптеши Айсулуу Мамашеванын билдиришинче сурак эртең мененки саат 10:00дон бери журүп жатат.