Информационный портал 5NEWS

УТРК жетекчиси Илим Карыпбеков көзүн ачты

УТРК жетекчиси Илим Карыпбеков көзүн ачты

Улуттук телеканалдын башкы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнө келди. Бул туурасында саламаттыкты сактоо  минситрлигинин басма-сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинова соцтүйүндөрго жазып чыкты.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө институтунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун маалыматына караганда, жабырлануучунун ден-соолугунда жакшы жагына өзгөрүүлөр байкалууда.

Илим Карыпбеков өзүнө келди, эмне болгону эсинде жок, эң алгач эле дагы бирөө жарым жабыр тарткан жокпу деп сураганын айтат дарыгер.

Жол кырсыгы бүгүн түнү Бишкектин Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу ооруканага эс учун жоготуп, кан басымы түшкөн бойдон алынып келинген. Бишкектин төртүнчү ооруканасында операцияга киргизилип, хирургдар анын өмүрү менен эки сааттай алышышты.