Информационный портал 5NEWS

Видео – Максим Галкинге мастер-класс өткөн 6 жашар Нурпери. Орусиянын Биринчи каналындагы “Лучше всех” шоусунда мактоого татыды

Видео – Максим Галкинге мастер-класс өткөн 6 жашар Нурпери. Орусиянын Биринчи каналындагы “Лучше всех” шоусунда мактоого татыды

Бишкек шаарынын кичинекей тургуну Нурпери Тургуналиева Орусиянын Биринчи каналында жүрүп жаткан балдардын “Лучше всех”  шоусуна катышып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды.

Нурпери анда кыргыздын “Кара жорго” бийин жана кавказ эл бийин бийледи.

“Нурпери Тургуналиева, 6 жашта. Эч ким андай болуп чебер жана эмоционалдуу бийлей албайт! Нурпери өзүнүн шаарында эле эмес, интернет айдыңында да белгилүү”, — деп жазат Биринчи каналдын расмий сайты.

Нурпери эгиздин түгөйү. Москвадагы шоуга эгизи Айпери жана апасы менен барган.