Информационный портал 5NEWS

Ырчы Салтанат Аширова Украинанын “Голос” долбоорунун кийинки баскычына өттү

Ырчы Салтанат Аширова Украинанын “Голос” долбоорунун кийинки баскычына өттү

Кыргызстандык ырчы Салатанат Аширова Украинада өтүп жаткан «Голос» долбоорунун эң алгачкы сыноосунан өтүп, Потаптын тобуна кошулду. Бул туурасында 5news.kg маалымат порталына ырчы өзү билдирди.

Салтанаттын айтуусунда, калыстар тобунда кимдер отура турганын өзү дагы билген эмес. Ал эми долбоорго бара  жатканда Иван Дорн же Вакарчуктун тобуна кирсем деп ойлогон.

“Азырынча кийинки тур жөнүндө айтуу эрте, анткени учурда «көрбөй угуулар»  дагы да бүтө элек”.- дейт ырчы.

Эскерте кетсек кечээ 19-февралда Салтанат Аширова аталган долбоордо Алисия Кейстин «Fallin» аттуу ырын аткарган.

Автор(ы): Айнура Аваданова