Информационный портал 5NEWS

Ысык-Көл облусунда аялды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунда аялды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын жанында аялды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында Turmush

басылмасы жазат.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, 5-октябрь күнү саат 01:05те Ысык-Көл РИИБге ат майдандын жанында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге ыкчам-тергөө тобу барып, Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 84-чакырым аралыгында «Тойота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткендигин аныктаган. Андан кийин унаа электр мамысын сүзүп, 21 метр аралыкка ыргып кеткен. Ошондой эле, белгисиз айдоочунун Чолпон-Ата шаары тарапка бара жаткандыгы белгилүү болгон. Айдоочу унааны таштап, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми, аталган айылдын тургуну алган жаракатынан улам жол кырсыгы болгон жерде каза болгон.

Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан «Кармоо» операциясы жүргүзүлүп, Чүй облусунун Панфилов районунун Тельман айылынын 1986-жылы туулган Т.Беккул аттуу тургуну кармалды.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБде катталып, соттук-медициналык, унаа-техникалык экспертизалар жана айдоочунун спирт ичимдиктери колдонгондугу боюнча медициналык күбөлөндүрүү дайындалды. Топтолгон материалдар Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.