Информационный портал 5NEWS

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин болгон бир тик учагы бар, ал да жараксыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин болгон бир тик учагы бар, ал да жараксыз

ӨКМнин бүткүл өлкө боюнча иштей турчу жалгыз тик учагы жараксыз абалда турат. Бул тууралуу   5news.kg маалымат порталына аталган министрликтен басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

“Жараксыз тик учак Манас аэропортуна жайгаштырылган. Аны оңдоо үчүн Орусия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок ал качан ишке ашат белгисиз”,-дейт министрлик.

ӨКМ жабдуу бөлүмүнүн башчысы Асан Кулуевдин билдиришинче зарыл болгон убакта куткаруучулар куралдуу күчтөрүнүн тик учагын алып, колдонууга аргасыз.

“Учурда ӨКМдин карамагында 6 кардын үстүндө жүрүүчү атайы автоунаа бар. Бирок алар кышкысын эле пайдалуу жана түздүктө гана жүрө алат”,-деп кошумчалады Кулуев.

Автор(ы): Наргиза Асекова