Информационный портал 5NEWS

Абдил Сегизбаев депутаттарды абалды курчутпоого чакырды

Абдил Сегизбаев депутаттарды абалды курчутпоого чакырды

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев Жогорку Кеңеште камалган депутат Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча маалымат берди. Ал эл өкүлдөрүн абалды курчутпоого жана тергөө-иликтөө иштерине кысым көрсөтпөөгө чакырды.

“Тийиштүү иликтөө иштери бүткөндө, иш сотко өткөрүлөт”, — дейт Сегизбаев.

Сегизбаев ошондой эле, Өмүрбек Текебаевдин ден-соолугуна тийиштү кам көрүлүп жатканын белгиледи.

“Жанында дарыгер бар. Кан басымы текшерилип, көрсөтмөлөр катталууда. Керек учурда атайын дарыгерлерди алып келебиз”, — деп белгилейт УКМК төрагасы.

Жогорку Кеңештин депутаттары Текебаевдин камалышына байланышкан талкууну күн тартибине киргизип,  УКМК төрагасын, Башкы прокурорду чакырып, маалымат алуу чечимин чыгарышкан.