Информационный портал 5NEWS

Актан Арым Кубаттын “Кентавры” Берлинде эл аралык сыйлыкка татыды

Актан Арым Кубаттын “Кентавры” Берлинде эл аралык сыйлыкка татыды

Актан Арым Кубаттын “Кентавр” аттуу тасмасы Эл аралык автордук кино конфедерациясынын сыйлыгына татыктуу табылды. Киносынчы Гульбара Төлөмүшева, Берлин фестивалы жана CICAE тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Киносынчынын айтымында “Кентаврды” “Панорама” программасы боюнча 8 ирет көрсөтүштү: 2 ирет кинорынок үчүн пресс-көргөзмө коюласа, 6 жолу Берлиналенин көрүүчүлөрүнө тартууланды.

“Эл аралык автордук кино конфедерациясы (CICAE) — коммерциялык эмес уюм. Ал 1965-жылы негизделип, кинонун искусство катарында өнүгүшүн колдойт. Бул башкаларга окшобогон тек уюм”,-деп Гульбара Төлөмүшева кошумчалады.

Тасманын авторлоруна берилген дипломдо төмөнкү сөздөр жазылган: “Сыйлык автордук кинонун дүйнөлүк аудиториясына жетип, искусствонун бул түрүнүн көркөмдүүлүгүн камтыйт жана кинонун өнүгүшүнө, байышына салым кошкон тасмага багышталат”.

Актан Арым Кубаттын “Кентавры” 9-февралдан 19-февралга чейин созулган Берлин кинофестивалына катышып, дүйнөлүк бет ачары да ошол жерде өттү.

Кыргызстанда, тасманын премьерасы 26-мартка белгиленди.

Автор(ы): Канат Рыскулов