Информационный портал 5NEWS

«Алай» жана «Дордой» өлкөнүн Суперкубогу үчүн ат салышат

«Алай» жана «Дордой» өлкөнүн Суперкубогу үчүн ат салышат

Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш Бишкек шаарындагы Футбол Федерациясынын стадионунда өтөт. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына КР Футбол Лигасынын басма сөз катчысы Базарбек Абдураимов кабарлады.

«Кыргызстандын Суперкубогу – ар жылы уюштурулчу саамалык. Ал ойнолгондон кийин расмий түрдө футболдук жылыбыз башталат. Ал 2011-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жолкусунда өлкөнүн чемпиону менен Кыргызстандын кубогунун ээси таймашат. Алай клубу Кыргызстандын Суперкубугун бир дагы жолу ута элек», — дейт Абдураимов.

Беттеш 3-мартта 15:00дө башталат, кирүү акысыз.

Кыргызстандын футбол боюнча Суперкубогунун бардык ээлери:

2011 – «Нефтчи»

2012 – «Дордой»

2013 – «Дордой»

2014 – «Дордой»

2015 – өткөрүлгөн эмес

2016 – «Абдыш-Ата»

Канат Рыскулов

Автор(ы): Канат Рыскулов