Информационный портал 5NEWS

«Апамды издеп» кыргыз киносу Казакстанда 10 млн. сомдон ашык акча чогултту

«Апамды издеп» кыргыз киносу Казакстанда 10 млн. сомдон ашык акча чогултту

Режиссер Руслан Акундун «Апамды издеп» аталышындагы тасмасы Казакстанда 9 күн ичинде 10 миллион сомдон ашык каражат чогултту. Бул туурасында тасманын расмий баракчасында айтылат.

Маалыматка ылайык brod.kz интернет булагы тасманын прокатта чогулткан каражатын эсептеген. Андагы рейтинг боюнча Казакстандын аймагында кыргыз киносу голливуд тасмалары менен тең тайлашып, кассалык чогултуусу эң көп делген үчилтикке кирген.

Эске салсак, «Апамды издеп» фильми Кыргызстанда 9-февралдан баштап, ал эми Казакстанда 16-февралдан тарта көрсөтүлүп жатат. Кыргызстандын кинотеатрлары канча каражат чогултканы азырынча белгисиз.

Айнура Аваданова