Информационный портал 5NEWS

«Апамды издеп» тасмасы Кыргызстан менен Казакстанда абсолюттук рекорд койду

«Апамды издеп» тасмасы Кыргызстан менен Казакстанда абсолюттук рекорд койду

«Апамды издеп» тасмасы Кыргызстан менен Казакстанда кассалык чогултуу жана көрүүчүлөрдүн саны боюнча абсолюттук рекордду койду. Бул туурасында фильмдин режиссёру Руслан Акун жана продюсери Нурбек Айбашов 5news.kg порталына билдиришти.

Буга чейин бир дагы тасма Казакстандын аймагында Голливуд фильмдерин артка калтырган эмес.

Кыргызстан, Казакстан жана АКШ өлкөлөрүнүн биригүүсүндө жаралган картина боордош элибизде 140 миллион теңгеден ашык каражат чогултуп, учурдагы рекордсмен аталууда.

3 жумалык прокаттын жыйынтыгында Кыргызстанда «Апамды издеп» киносу 15 миллион сом чогултту. Эске салсак фильм Кыргызстан боюнча 9-февралдан тарта көрсөтүлдү. Ал эми Казакстандын кинотеатрларында 16-февралда чыккан.

«Бюджети 400 000 АКШ долларын түзүп, аны актоо үчүн «Апамды издеп» долбоору 1 млн. доллар чогултуусу керек. Себеби, анын жарымы кинотеатрлардын акысы катары кетсе, калган бөлүгү салык катары мамлекеттик казынага төлөнөт», — дейт фильмдин продюсери Нурбек Айбашов.

Айнура Аваданова