Информационный портал 5NEWS

Арал-Миң-Куш унаа жолу кар көчкүдөн убактылуу жабылды

Арал-Миң-Куш унаа жолу кар көчкүдөн убактылуу жабылды

Нарын облусунун Жумгал районунда 19-февраль саат 06:30 чамасында Жумгал районунун Арал-Миң-Куш унаа жолунда кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Бул тууралуу 5 news.kg маалымат порталына ӨКМ басма-сөз кызматы билдирди.

Кечээ Жумгал райондук суу-чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылып кар көчкүлөрүн тазалоо башталган. Тазалоо иш-чаралары улантылууда.

«Жарандык коргонуунун коомдук тартипти сактоо кызматы тарабынан уюштурулган күзөт тобу, аталган унаа жолго унааларды өткөрбөө чараларын камсыздап жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө»-деп маалымдады КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Арал жана Сары-Булуң айылдарында жүргүнчүлөр үчүн жылынуу жана тамактануу пункттары уюштурулган.

Автор(ы): Айгөкүл Дайырбек кызы