10:20
27 ФЕВРАЛЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

«Алай» жана «Дордой» өлкөнүн Суперкубогу үчүн ат салышат

24.02.2017 14:02 | Спорт 13

Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш Бишкек шаарындагы Футбол Федерациясынын стадионунда өтөт. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына КР Футбол Лигасынын басма сөз катчысы Базарбек Абдураимов кабарлады.

«Кыргызстандын Суперкубогу – ар жылы уюштурулчу саамалык. Ал ойнолгондон кийин расмий түрдө футболдук жылыбыз башталат. Ал 2011-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жолкусунда өлкөнүн чемпиону менен Кыргызстандын кубогунун ээси таймашат. Алай клубу Кыргызстандын Суперкубугун бир дагы жолу ута элек», - дейт Абдураимов.

Беттеш 3-мартта 15:00дө башталат, кирүү акысыз.

Кыргызстандын футбол боюнча Суперкубогунун бардык ээлери:
2011 – «Нефтчи»
2012 – «Дордой»
2013 – «Дордой»
2014 – «Дордой»
2015 – өткөрүлгөн эмес
2016 – «Абдыш-Ата»
Канат Рыскулов

Автор(ы): Канат Рыскулов

Обсуждения (0)

Комментариев еще никто не оставлял. Будьте первым! Правила комментирования
Оставить комментарий

для публикации вашего комментарии нужно войти через: