07:26
25 ФЕВРАЛЯ 2017, СУББОТА

Мазут ташыган унаа оодарылып, бир адам каза болду

22.02.2017 10:02 | Өзгөчө кырдаалдар 161

21-февралда саат 18:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 120-чакырымында жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочусу каза болду.  Бул тууралуу ӨКМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар табылган жансыз денени РИИБнүн патрулдук милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

“Кырсык болгон жерде кулаган унаанын мамлекеттик №О 0329 AD номерин табылган, унаанын маркасы белгисиз. Болжолду маалымат боюнча унаанын ичинде айдоочу эле болгон”, - деп айтылат  ӨКМнин маалыматында.

Ообдарылып кеткен авто унаа мазут ташып бара жаткан. Учурда күйүүчү май төгүлгөн жерди тазалоо иштери жүрүүдө.

Автор(ы): Айгөкүл Дайырбек кызы

Обсуждения (0)

Комментариев еще никто не оставлял. Будьте первым! Правила комментирования
Оставить комментарий

для публикации вашего комментарии нужно войти через: