06:44
2 МАРТА 2017, ЧЕТВЕРГ

Текебаев бошотулмайынча митингдер улана берет

27.02.2017 13:02 | Саясат 183

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев убактылуу камакта чыгарылмайынча нааразычылык акциясы токтобойт. Бул туурасында аталган фракциянын экс-депутаты Асия Сасыкбаева борбордук “Ала-Тоо” аянтында өтүп жаткан, Текебаевдин жактоочулары тарабынан уюштурулган митинг учурунда билдирди.

"Митинг мөөнөтсүз. Биз бүгүн 1000ден ашык киши чогултабыз. Көбү кечинде жумуштан кийин кошулушат,"-дейт Сасыкбаева.

Демонстранттар Текебаевди бошотууну талап кылышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 25-февраль, ишемби күнү чет өлкөдөгү иш сапарынан кайтып келээри менен Бишкектеги “Манас” аба майданында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Жеңишгүл Шабданбекова

Самые обсуждаемые новости этой рубрики

  • 11:50 27 февраля 2017

    Өмүрбек Абдрахмановду Текебаевдин тарапташтары коркутууда

Обсуждения (0)

Комментариев еще никто не оставлял. Будьте первым! Правила комментирования
Оставить комментарий