Информационный портал 5NEWS

Астанада кыргыз тил сабагы окутулат

Астанада кыргыз тил сабагы окутулат

Казакстандын Астана шаарында кыргыз окуучулары үчүн ар жекшембиде кыргыз тил сабагы окуталат. Бул тууралуу 5news.kg порталынын өздүк булагы маалымдайт.

Отурукташып калган кыргыз жарандарынын балдары эне тилин унутпай, билип жүрүүсү үчүн кыргыз диаспорасы тарабынан аталган демилге уюшулган.

Ага ылайык мектеп курагындагы өспүрүмдөр өз каалоосу менен жекшемби күндөрү эне тилин жана кыргыз элинин тарыхы менен маданиятын окуп үйрөнүшөт.  Астанадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Шавкат Исмаилов көтөрүп чыккан демилгени мекендештерибиз колдоого алып, казак борборунун ЖОЖдорунда эмгектенген кыргыз мугалимдери сабак өтүп келгени белгилүү болду.

Айнура Аваданова