Информационный портал 5NEWS

Башкы прокурор менен Өмүрбек Бабанов тартыша кетти

Башкы прокурор менен Өмүрбек Бабанов тартыша кетти

Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен депутат Өмүрбек Бабанов айтыша кетти. Сот тутумун реформалоо кеңешинин кезектеги жыйынында Индира Жолдубаева судьялардын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңдоо деген депутат Өмүрбек Бабановдун сунушу баш мыйзамга каршы келет деген оюн айтты.

«Конституцияда 29 беренесинде телефондук угуулар соттук акттын негизинде болуш керек»,-деди өлкөнүн башкы прокурору.

Өмүрбек Бабанов бул соттогу коррупцияны жоготуш үчүн чечкиндүү кадам жана туура сунуш деп эсептейт.

«Телефондук сүйлөшүү соттордун макулдугу менен жүрөт .Ал эми Конституциянын жаңы редакциясы буга уруксат берет»,-деди Бабанов.