Информационный портал 5NEWS

Бишкекте жол кырсыгынан бир аял жабыркады

Бишкекте жол кырсыгынан бир аял жабыркады

Бишкекте Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде эки авто унаа кагышып, бир жүргүнчү жабыркаган.

«Аны тез жардам кызматы алып кетти», — дейт чакырууга келген патрулдук милициянын өкүлдөрү.

«Токтоп тургам, бир маалда кичи автобус катуу ылдамдыкта келе жатып коюп кетти», — деди жеңил авто унаанын айдоочусу.

Кырсыктын себеби такталууда.