Информационный портал 5NEWS

Бишкектеги күнөсканалар оңдолууда

Бишкектеги күнөсканалар оңдолууда

“Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы борбордогу күнөсканаларды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Учурда күнөсканалардын дубалдары поликарбонат менен капталган. Жылытуу системасы автоматташтырылып мештер орнотулду. Жарыктандыруу, вентиляция алмаштырылып, сугаруу системасы модернизацияланууда.

Күнөсканалардын курулганына 80 жылдан ашты. Алардын эскилиги жетип жаңыртууга муктаждык арткан.