Информационный портал 5NEWS

Чек арачылар эки ирет тартип бузуучуларды колго түшүрдү

Чек арачылар эки ирет тартип бузуучуларды колго түшүрдү

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү аракеттери Жалал-Абад жана Ош облустарында тыйылды. Чек ара кызматынын коом менен байланыш бөлүмү белгилешинче, эки окуя тең 19 февралда катталган.

Өзбекстандын жараны Кыргызстанга көзөмөл жайынан тышкаркы жерден өтүп кетүүгө аракет жасаган. Жалал-Абад облусунун Бараж айылындагы чек арачылар мыйзамсыз ишке барган өзбек жаранын тутушкан.

Ошол эле 19-февралда, “Ош аэропорту” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жараны кармалган.

Чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганада, чек араны бузуучу 18 жашар А.Н. аттуу кыз шек жаратып, колго түшүрүлгөн. Ал бир тууганынын паспортун колдонуп чек арадан өтүүнү каалаган. Суракта ачыкталган маалыматка караганда, ал Новосибирскке иштөө үчүн бармак.

Тийиштүү документтер толтурулгандан соң, мындан аркы тергөө менен УКМК алектенет.