Информационный портал 5NEWS

Дубайда кыргыз көргөзмөсү мыкты деп табылды

Дубайда кыргыз көргөзмөсү мыкты деп табылды

Дубайда кыргыз диаспорасы эл аралык «Fashunity 2017» көргөзмө-жарманкесине катышты. Бул туурасында Кыргызстандын ТИМ басма-сөз кызматы кабарлайт. Саамалык Дубай эмирлигинин ислам иштери жана кайрымдуулук Департаменти менен Мохаммед бин Рашид Шейхинин ислам маданий борборунун колдоосу астында уюштурулган.

Иш чаранын максаты катышуучуларды бири-биринин маданияты жана каада-салты менен тааныштыруу.

Дубайдагы кыргыз демилгечи тобунун эмгеги менен биздин өлкөнүн павильону жасалгаланган. Анда кыргыз элинин улуттук кийимдери, тамак-аштары, каада-салты, кол өнөрчүлүгү жана эски буюмдары коюлуп, өлкөбүздүн туристтик потенциалы жакталды.

Жыйынтыгында өзгөчө чыгармачылык менен даярдалган кыргыз павильону келгендердин жогорку баасына татып, көргөзмөдө биринчи орунду алды.

Маданий саамалык февралдын 23үнөн  25ине чейин өтүп, ага дүйнөнүн 21 өлкөсү катышкан.