Информационный портал 5NEWS

Эки айлык Данилдин абалы оор бойдон калууда

Эки айлык Данилдин абалы оор бойдон калууда

Балыкчыдан тез арада  жеткирилген эки айлык Данилдин абалы азырынча оор бойдон. Бул туурасында 5news.kg маалымат порталына  Эне менен баланы коргоо улуттук борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Динара Кабаева билдирди.

Анын айтуусунда, ымыркайды жеке санавиация кызматы Балыкчыдан Бишкекке 18-февраль күнү саат 14:00до алып келген. Данил 2 күн бою жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алып келген болсо, учурда дем алуусуна жардам берүүчү аппаратка жаткырылган.

Андыктан абалы туруктуу бирок оор дешет дарыгерлер. Азыр баланын апасы жанында, ал эми наристе энесинин сүтү менен азыктанууда.

Медиктердин койгон диагнозу боюнча Данилдин өпкөсү инфекциядан улам сезгенип калган. Себеби, бала 12-февраль күнү ооруп калганда апасы дарыканадан өз алдынча дары-дармектерди алып бергени айтылат.

«Ал эми Балыкчы шаарынын ооруканасына 14-февраль күнү кайрылган кезде, жергиликтүү медиктер туура диагноз коюшуп дарылоону башташкан. Бирок баланы дарыгерлер караган кезде өпкөнүн түтүктөрү бүтөлүп калып, дем алуусу кыйындай баштаган. Анын үстүнө ал жердеги өпкөгө жасалма түрдө дем алдыруучу аппарат кичинекейге ылайыксыз болгондуктан Бишкекке алып келүүгө мажбур болушкан»,- дейт Динара Кабаева.