Информационный портал 5NEWS

Элдик табып Хашим Зайналиевдин клиникасынан дагы бир адам каза болду

Элдик табып Хашим Зайналиевдин клиникасынан дагы бир адам каза болду

Саламаттыкты сактоо министрлиги табып Зайналиевдин клиникасын жаба албай жатат. Бул тууралуу аталаган министрликтин лицензия берүү бөлүмүмүн башчысы Бурул Арзыкулова 5 news.kg маалымат порталына билдирди

Анын айтымында, ведомсволор аралык иликтөө тобу Хашым Зайналиевдин  клиникасын жабуу боюнча иштерди кечеңдетүүдө. Тиешелүү органдарга клиника мыйзамсыз иштеп жаткандыгы тууралуу каттарды жөнөтүлгөн. Бирок эч кандай жыйынтык жок.

«Биз Бишкек ш. ИИББна, салык кызматына, каржы полициясына, башкы прокуратурага Хашым Зайналиевдин клиникасы мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандыгы туурасында жайдан бери 100гө жакын кат жөнөткөнбүз»,-дейт Арзыкулова.

Хашым Зайналиевдин клиникасында дагы деле адамдар каза болууда. Ал рак ооруларды дарылайм деп ,орто кылымдардыгыдай тажрыйбаларды жүргүзүп келет. Бирок аны жабууга эч кимдин күчү жете элек.

Жакында эле Зайналиевдин клиникасында дарыланган, көкүрөк рагынан дагы бир аял каза болду. Буга чейин анын колунан дагы аял каза тапкан.