Информационный портал 5NEWS

Кыргызстанда “1000 ак элечек айымдар ” аталышындагы иш-чара өтөт

Кыргызстанда “1000 ак элечек айымдар ” аталышындагы иш-чара өтөт

“Ыйман, адеп жана маданият жылына» байланыштуу, Кыргызстанда “1000 ак элечек айымдар -2017” майрамдык салтанат өтөт. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына иш-чараны демилгелеген “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмесинин мүчөсү Элнура Кулуева билдирди.

“Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу – бул мамлекеттин гана эмес, ошондой эле катардагы жарандардын дагы милдети. Андыктан бул жоопкерчиликти моюнга алып уюштуруу тобу бул иш-чараны өткөрүүнү белсенип чыктык”?-дейт уюштуручуларынын бири Элнура Кулуева.

Маданий иш-чара 4-мартта “Кожомкул” атындагы спорт ордосунда өтөт. Башкы максаты кыргыз элинин бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү, өлкөнүн өнүгүп- өсүүсүнө салымын кошкон айымдардын эмгегин баалоо ирээтинде өткөрүлөт.

Автор(ы): Жеңишгүл Шабданбекова