Информационный портал 5NEWS

Кыргызстанда расмий катталган жумушсуз жарандардын саны 84 миңден ашык

Кыргызстанда расмий катталган жумушсуз жарандардын саны 84 миңден ашык

Кыргызстанда 84 миң 100 адам жумушсуз отурат. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматчысы Кымбат Кабыралиева маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, 2017-жылдын биринчи январына карата маалымат боюнча Мамлекеттик кызматтардын каттоосуна алынган жумушсуздардын саны 84 миң 100 адамды түзөт. Алардын 55 миң 500 раймий түрдө жумушсуз статусун алгандар.

“2016-жылы иш сурап кайрылгандардын саны 195 миң 400 адамга жеткен. Алардын 114 миңден ашууну кесиптик билим алуу же кайра окуу боюнча консультация алышкан”,- дейт Кымбат Кадырвлиева.

Расмий түрдө жумушсуз деп табылгандардын 268и мамлекет тарабынан жөлөкпул алып келишет.