Информационный портал 5NEWS

Кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев Азия Оюндарында 8-чи орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев Азия Оюндарында 8-чи орунду ээледи

Кыргызстандык Евгений Тимофеев Саппородогу кышкы Азия оюндарында 8-орунду ээледи. Тимофеев “ири слалом” дисциплинасындагы мелдешке 22-февралда катышты.

Медалдар комплектин багындырууга 44 спортчу ат сатлышты. Кыргызстандан эки чаңгычы байгени утууга ат салышты: Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев.

Биринчи аракеттин жыйынтыгы боюнча Тимофеев 1мүнөт 10.93 секунда көрсөткүчү менен 7 орунда келди. Гордеев 1 мүнөт 17.61 секунда – 18 орун

Экинчи аракетте Тимофеев көрсөткүчүн жакшырта албай 8-орунга түштү. Ал эми Гордеев мурунку сандарын өзгөртү 16-орунга чейин жогорулады.

“Ири слаломду” Япониялык спортчу утту.