Информационный портал 5NEWS

“Лестер ситинин” башкы машыктыруучусу Клаудио Раньери иштен айдалд

“Лестер ситинин” башкы машыктыруучусу Клаудио Раньери иштен айдалд

“Лестер” командасынын башкы тренери Клаудио Раньерини кызматтан бошотконун жарыялады. Раньери “түлкүлөрдү” 2015-жылдын июлунда башкарууга алган. 2016-жылдын май айында анын командасы Англиялык Премьер-Лиганын алтын медалдарын мөөнөтүнөн мурда жеңип алышкан. FIFA италиялык адисти 2011-жылдын мыкты машыктыруучусу атаган.

“Клубдагы убактысы ичинде Клаудио таң калаарлык зээнндүүлүк көрсөттү. Анан машыктыруучулук жана ишендирүүчүлүк мүнөзү “Лестердин” тарыхына чоң из калтырды. Анын жылуулугу, харизмасы клубду алдыга сүйрөп, таасирин күчөттү. Биз ар дайым ага ыраазы болобуз.

Былтыркы жетишкендиктерди кайталоо биздин планыбызда жок болчу. Тескеринче, АПЛде ордубузду сактап калууга аракет жасадык. Бирок азыр төмөнкү лигага түшүп калуу коркунучундабыз, ошондуктан алдыдагы 13 турда абалды оңдоону чечтик”, — деп Вишай Шривадданапрабха, клубдун башкы демөөрчүсү түшүндүрөт.

26-турдагы “Ливерпулга” каршы оюнга команданы тренердин жардамчылары машыктырышууда.25 турдан кийинки жыйынтык боюнча “түлкүлөр” 17-орунда турат.

Автор(ы): Канат Рыскулов